www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу жана тарайлы дешип “бир этегин жаза басып, бир этегин үзө басып чачпагын” көтөрө чуркаган депутаттардын кайра шайлоого барабыз дешип шымаланып жүрүшкөнү, канчалык деңгээлде укуктук жана моралдык чен-өлчөмгө сыят деген маселе коомчулукта кызуу талкууланууда. 

Негизи Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу саясий кризистен, бийлик менен парламенттин ортосундагы мамилелердин начарлашынан же коомдук ишенимдин төмөндөшүнө негизделип ишке ашчу процесс болчу. Көп учурда мындай чечим, эреже катары, коомчулукта бийликтин легитимдүүлүгүн жана ишенимин жогорулатуу үчүн кабыл алынчу. Бирок маселе, желп эткен желге жалп этип жапырылган депутаттардын өз милдеттерин аткарууда “парламентти шал кылган” мажүрө кылыгында болуп жатат. 

Мындан улам, депутаттардын өздөрүнүн милдеттерин аткарбай, мөөнөтүн аяктабастан тарап кетиши, бул «жакшы башкаруу» принциптерине жана депутаттардын жоопкерчилигине каршы келет. Өз мөөнөтүнөн мурда кетүү — бул коомдук ишенимдин начарлашына алып келет. Анткени, моралдык жана этикалык жактан алганда, депутаттардын өз мөөнөтүн аяктабастан кетиши коомчулукта терс көз караштарды жаратат. Себеп дегенде иштей албай калдык дешип “өз жаназаларын өздөрү окуган” депутаттарды кайра шайлоо канчалык мааниге ээ деген суроо туулат? Моралдык жактан алганда да, бул көрүнүш акылга сыйбай турган жагдай. 

Анын үстүнө тарайлы дешкен депутаттардын 95% кайрадан шайлоого аттанып жатышы, паралменттин өзүн-өзү таратуунун маанилүүлүгүн жокко чыгарат. Каражат коротуп кайра шайлоо өткөрүүнүн маңызы, актуалдуулугу түккө турбаган, айрымдардын жеке амбициясына негизделген саясий процесс катары бааланат. Аныгында ошондой. Бирок аны ачык айта турган күч жок. Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет дегендей абалда, эч ким ак карга болгусу келбейт. 

Андыктан эл шайлоодо кимдерди шайлашы керектигине терең маани берип, талапкерлердин адилеттүүлүгүн, жоопкерчиликтүүлүгүн жана өз ишмердүүлүгүндөгү тазалыгына карап добуш бериши зарыл.  Шайлоо - бул жалпы коомдук кызыкчылыктарды жана жеке кызыкчылыктарды тең салмактап, ишенимдүү жана квалификациялуу мекенчил талапкерди тандап алуу процессин билдирет. Андыктан тандоодон жаңылбоо керек.

 Эми иштей албай койдук дешип өздөрүн-өздөрү тараткан депутаттардын кимиси кайрадан уялбай депутат болом деп моралдык жоопкерчиликти сезбей чамынып талапкер болуп чыгышат, алардын ак-карасын жиликтеп берип турабыз.

Булак: NazarNews

Последние новости