www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлүп, бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин түрдө өсүп кеткен деген негизде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун кызматтан бошотулганы чекилик болду. 

Акыркы мезгилдеги айрым айдоочулардын жол эрежелерин сактабаган жоопкерчиликсиз мамилесинен улам жол кырсыктарынын көбөйгөнү үчүн кесипкөй жетекчилерди айыптоо туура эмес. Тескерисинче, Жоробеков жол кыймылынын маданиятын жогорулатуу жана коопсуздукту камсыздоо багытында бир катар маанилүү реформаларды ишке ашырууга салым кошкондордун бири. Андыктан кимдир бирөөлөрдүн кемчиликтери үчүн жоопкерчилик тартуу акыйкатсыздык экенин белгилеп коюу парз

Ырасында, Жеңиш Жоробеков ички иштер тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар жогорку кесипкөйлүгү менен айырмаланган жетекчи катары белгилүү. Керек болсо өз ишин терең билген жетекчи катары келечекте министрлик кызматты аркалоого татыктуу кадр болчу десек аша чапкандык болбойт.

Последние новости