www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкө башчыбыздын жол коопсуздугу боюнча койгон тапшырмасын аткарууда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайынын студенттерин чакырып, алардын катышуусунда жөө жүргүнчүлөргө жол кыймылынын эрежесинде көрсөтүлгөн жөө жүргүнчүнүн укук милдеттерин эскертишти. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраагы ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков жалпы студенттерге нускама өткөрүп, жарандарыбызга жол эрежелерин жеткирүүдө кызматкерлерибизге көмөк көрсөтүү зарылчылыгын жана бул багытта жалпы коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу зарылчылыгын белгиледи.

Тийиштүү нускаманы алган студенттер жол коопсуздугун камсыздоодо кызматкерлери менен эс алуучу жана жөө жүрүүчү жолдорго бөлүнүп, жол кыймылынын катышуучуларына окутуу-үйрөтүү, эскертүү жана жеткирүү иштерин жүргүзүштү.
Мындай жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга багытталган үгүт-насаат иштери өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык, республиканын баардык аймактарында жүргүзүлүүдө.