www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, быйылкы жылдын биринчи жарымында жалпы он беш көчөнүн кесилиштерине жол чырактар коюлат. Анын ичинде кандуу кырсык болгон Элебесов – Витебск көчөлөрүнүн кесилиши да бар.
Эки көчөнүн кесилишинде 9-февралда кичи автобус жол четинде баласын көтөрүп турган келинди сүзгөн. Ал алган жараатынан окуя болгон жерде каза тапкан. Анын эки жашар кызынын жамбаш сөөгү талкаланган, азыр бир бутунан ажырап ооруканада жатат.
Кичи автобустун айдоочусуна кылмыш иши козголуп камакка алынган. Кандуу кырсыктан кийин жергиликтүү жашоочулар кесилиште жол чырак жок болгондуктан, жөө жүргүнчүлөр үчүн чийилген тилкеден ары-бери өтүү кыйын экенин, машинелер катуу жүрөрүн айтышкан.
Булак: NazarNews.kg