www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулуна аны менен кошо кармалган Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловго Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси, "Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү", 264-"Трансулуттук кылмыш тобуна же трансулуттук кылмыш уюмуна катышуу беренеси менен айып тагылды.
Бул тууралуу Tengrinews сайты Алматы шаардык сотунун маалымат кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Алматынын Алмалы райондук соту 17-февралда үч кыргызстандыкты эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын иши боюнча тергөө жүрүп жатканын жана аларга укуктук жардам берилерин билдирди.
Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы 17-февралда аткезчилик боюнча жалпысынан 35 киши кармалганын, алардын үчөө кыргызстандык экенин маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg