www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 22-январда Судьялар кеңешинин жыйынына катышты. Төраганы анын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана Жогорку соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев коштоп барышты.
Өз сөзүндө Медербек Сатыев Жогорку сот менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши конституциялык макамы боюнча тең укуктуу органдар болуп, сот бийлигинин абалы үчүн өз алдынча жана бири-бирин толуктаган жоопкерчиликти алып жүрөрүн белгиледи.
«Бүгүнкү жолугушуубуз — бул отчёт же көзөмөл эмес. Бул — сот бийлигинин туруктуулугун, көз карандысыздыгын жана сапатын камсыз кылуу максатында өткөн кесиптештердин профессионалдуу диалогу», — деп белгиледи төрага.
Жогорку сот менен Судьялар кеңешинин ортосундагы тыгыз жана системалуу өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Бюджеттик жана инфраструктуралык саясаттан тартып дисциплинардык практика жана судьялардын ишинин сапатын баалоого чейинки кеңири маселелер макулдашылган ыкмаларды, туруктуу диалогду жана артыкчылыктарды бирдей түшүнүүнү талап кылаары белгиленди. Эпизоддук байланыш менен чектелбестен, туруктуу координация моделине өтүү керектиги айтылды.
Сот тутумунун стратегиялык өнүгүүсү жөнүндө сөз кылып жатып, Жогорку соттун төрагасы «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өнүктүрүү боюнча 2023–2026-жылдарга карата программасынын» маанисин жана анын системалуу мониторингинин зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле 2027–2030-жылдарга карата сот адилеттигин өнүктүрүү мамлекеттик программасынын долбоору судьялар жана эксперттик коомчулук катышкан кеңири кесиптик жана коомдук талкуу үчүн Жогорку соттун расмий сайтына жайгаштырылганы маалымдалды.
Өзүнчө Судьялар кеңешинин сот тутумунун бюджетин түзүүдө жана анын аткарылышын контролдоодо ролу баса белгиленди. Бюджет жөн гана каржылык документ эмес, адилет соттун көз карандысыздыгын камсыздоонун негизги инструменти экендиги белгиленди. Бюджеттик процесске натыйжалуу катышуу үчүн Министрлер Кабинети жана Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүдө сот бийлигинин бирдиктүү жана макулдашылган позициясы зарыл экени айтылды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова өткөн жылдагы судьялардын өз алдынча башкаруу органынын ишинин жыйынтыктарына кеңири токтолуп, пландар туурасында маалымдады.
Ошондой эле Судьялар кеңешинин төрт комиссиясынын төрагалары аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, сот тутумунун алдында турган негизги чакырыктарды белгилешти.
Белгилүү болгондой, Судьялар кеңешинде төрт комиссия иш алып барат: жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баало боюнча, эксперттик-окутуу, бюджеттик жана тартип комиссиялар.
Медербек Сатыев жыйындын катышуучуларынын көңүлүн сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнүн, судьялар корпусун ак ниетсиз кадрлардан тазалоонун жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча системалуу иш жүргүзүүнүн зарылдыгына бурду. Ошондой эле кадрлардын агымдуулугу маселеси өзгөчө курч турат, кызматкерлер жумуштан кетип жатышкандыгы белгиленди, сот аппараттарынын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү жөнүндө чечим жогорку деңгээлде кабыл алынгандыгы жана быйыл анын көбөйүшү күтүлүп жаткандыгы баса белгиленди.