www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү

Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ишин кайра кароого жөнөттү. Ага ылайык, сотко Башкы прокуратура менен Исаковдун адвокаттары 29-апрелде кайрылып, ишти жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароого жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтирген жана ал канаатандырылган.

«Бишкектеги Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабарындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы чечимдери, Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы Сапар Исаковго байланыштуу токтомдору жокко чыгарылды. Кылмыш иши кайрадан жаңы териштирүү жүргүзүү үчүн Свердлов райондук сотуна судьялардын башка курамына жөнөтүлдү»,-деп жазылган Жогорку сот тараткан маалыматта.

Сапар Исаков 2020-жылы мартта Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо ишине байланыштуу 15 жылга кесилген. Андан кийин июнда Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштеринде аны күнөөлүү деп таап 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны мамлекетке келтирилген 247 милллиондон ашык сомду төлөп берүүгө милдеттендирген.

Последние новости