www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-4-февраль күндөрү КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков Жалал-Абад жана Ош облустарына жасаган иш сапарынын алкагында бир катар стадиондорго барып, алардын учурдагы абалы менен таанышты. Аталган инспекцияга КФБ жетекчиси менен бирге стадиондордун техникалык жабдылышын текшерген адистер да катышты.

Иш сапардын жүрүшүндө КФБ жетекчиси Жалал-Абад облусундагы «Курманбек» стадионун (Манас шаары, «Мурас Юнайтед» футбол клубу), «Нефтчи» спорт комплексин (Кочкор-Ата шаары, «Нефтчи» футбол клубу), ошондой эле Ош облусундагы «Ред Петролеум Арена» стадионун (Өзгөн шаары, «Өзгөн» футбол клубу) жана «Манас» стадионун (Кара-Суу шаары, «ОшМУ» футбол клубу) көрүп чыкты. Мындан тышкары, алдыда Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев («Алай» футбол клубу) атындагы стадионго баруу пландалууда.

Аталган стадиондордун бардыгы быйыл өтө турган Жогорку лиганын оюндарын кабыл алат. Ошондуктан техникалык абалы менен таанышуу жана белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү иш сапардын негизги максаттарынын бири болду.

Последние новости