www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек датка көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө шаар мэри борбордук аянтты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, жаңы курулуп жаткан имаратка ылайык анын айланасын иретке келтирүү керектигин билдирди. Ошондой эле шаардын негизги Алымбек датка, Курманжан датка жана А.Масалиев көчөлөрүнүн инфратүзүмү этап-этабы менен оңдолорун белгилеп өттү.
Кыдыруунун алкагында Алымбек датка көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан иригациялык лотокторду орнотуу иштери менен таанышып, тиешелүү кызматтарга жарандарга ыңгайсыздык жаратпай, жумуштарды мүмкүн болушунча эртерээк жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Аталган иштер шаарды көрктөндүрүү, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.