www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин кызматкерлери эмнеге айлык албай жатат?

Парламенттин маалымат кызматы Жогорку Кеңештин кызматкерлерине убагында айлык берилбей калганын ырастады.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналы аркылуу ЖКнын аппаратынын жана иш башкармалыгынын кызматкерлерине айлык төлөнбөй жатканын билдирген болчу.

“5-6-октябрдагы окуяларда Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголгондугуна байланыштуу тиешелүү эсеп-кысап бөлүмүнүн ишинде көйгөйлөр жаралган. Натыйжада айлыкты убагында берүү кечеңдеп жатат. Учурда документтерди калыбына келтирүү жана эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон кийинки аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет”, - дешти ЖКнын маалымат кызматынан.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖК депутаттары кийинки чакырылыш келгенге чейин маяна албай иштөө чечимин кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости