www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-октябрда Казакстандын Алматы шаарында нааразычылык митинги болуп өттү. Бул тууралуу «vlast.kz» маалымат булагы жазды.

Маалым болгондой, болжол менен 150гө жакын адам катышкан митинг Алматы калаасындагы Илимдер академиясынын алдындагы Чокан Валиханов аянтында өттү. Акциянын уюштуруучулары Галым Агелеуов менен Бахытжан Төрегожинанын айтымында, 12-октябрда 500 адамга чейин катышкан митинг өтөрү боюнча шаар бийлигине маалымат берилип, уруксат алынганына карабай, 26-октябрдан 30-октябрга чейин жарандык активисттерди куугунтуктоо, камакка алуу болгон. Митинг өтүп жаткан учурда да коңшу көчөдө атайын куралданган күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алып турушканын жергиликтүү булактар жазды.

Митингде сөз сүйлөгөндөрдүн негизги талабы — Нурсултан Назарбаев жетектеген Казакстан Коопсуздук кеңешине реформа жүргүзүү, саясий туткундарды абактан бошотуу, алдыдагы парламенттик шайлоону акыйкат өткөрүү болду.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-январында Казакстан парламентине депутаттар шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости