www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев түндө Түркияда көз жумду. Бул кабарды "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков билдирди. Бул тууралуу barometr.kg жазып чыкты.
Маркум акыркы убактарда ашказан оорусунан жапа чегип, Түркияга барып дарыланып жүргөн. Бирок, маалыматка ылайык аны инфарктан каза болду дешүүдө.
Фракциялашы Алмазбек Батырбековдун айтымында Кадыкеевдин сөөгүн алып келиш үчүн жубайы жана туугандары учуп кетишкен.
Кадыкеев 1970-жылдын 21-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.
2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Булак: NazarNews.kg