www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.
Жыйында депутат Абдывахап Нурбаев вице-премьер-министрге: “Чек арачылар текшерүүдөн өттүбү?”,-деген суроо менен кайрылды. Боронов алар таза экендигин жана чет өлкөдөгү биздин жарандарды алып келүү үчүн тынбай иш жүргүзүп жаткандыгын билдирди.
Депутат дарыгерлерге пайызсыз ипотекага үй берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.
"Дарыгерлердин коронавируска чалдыкканына мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин эле эмес, Финансы министрлигинин дагы жоопкерчилигин киргизип коёлу. Убагында каражат бөлүнгөн эмес. Кемчиликтерди айтып койгон дарыгерлерден кечирим суратып жатасыңар. Саламаттыкты сактоо министри дарыгерлерди колдошуңуз керек. Жыртык, эптемей халаттарды кийип жүрүшүп, коронавирус жуктуруп алышты. Жеке менчик лабораторияларга массалык түрдө текшерүүгө уруксат беришиңер керек", - дейт депутат.
Аны менен бирге Саламаттыкты сактоо министрине: “Дарыгерлериңизди телеге чыгарып, кечирим суратып жатышат. Сиз алардын таламын талашпайсызбы? Сиз алардын атасыз да”,-дейт эл өкүлү
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттө компенсация төлөө маселеси көтөрүлүп жатканын кабарлады.
Булак: NazarNews.kg