www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык компания COVID-19ду дарылоочу каражат иштеп чыкты. Бул тууралуу Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко президент Владимир Путин менен жолукканда айткан. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.

"Россиялык компания жаңы дары иштеп чыгып, аны башка мамлекеттердеги кесиптештер тесттен өткөрүп көрүштү. Азыр биринчи партиясын чыгарып, клиникалык сыноого кам көрүп жатабыз. Учурда документтери даярдалууда. Бул илдетти дарылоонун жыйынтыгын бир топ жакшыртат”, — деди Мурашко.

Министрдин сөзү боюнча дарынын клиникалык сыноосу 20-апрелдерде башталат. 

Акыркы маалыматтарга караганда, Россияда вирус жуктуруп алгандардын саны 18 328ге жетти. 1 500 адам сакайып, 148 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости