www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын алгачкы жыйынында парламенттин жетекчилик курамы жана комитеттеринин төрагалары шайланып, мыйзам чыгаруу органынын иши расмий түрдө башталды.
Жыйында депутаттар Жогорку Кеңештин төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулун шайлашты. Анын биринчи орун басары болуп №1 шайлоо округунан депутат Чыңгыз Ажибаев, ал эми төраганын орун басарлары болуп №18 округдан Карим Ханжеза жана №30 округдан Жылдыз Таалайбек кызы тандалды.
Ошондой эле парламенттин сегиз комитетинин төрагалары бекитилди. Алар Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетти Курманкул Зулушев, Эл аралык иштер боюнча комитетти Элдар Сулайманов, Агрардык саясат комитетин Бакыт Тентишев, Билим берүү жана инновация багытындагы комитетти Токтобүбү Ашымбаева, Өнөр жай жана транспорт комитетин Кубанычбек Конгантиев, Финансы жана бюджет комитетин Алтынбек Кудайбердиев, Сот-укук маселелери боюнча комитетти Болотбек Борбиев, Эмгек жана социалдык маселелер комитетин Гүлсүнкан Жунушалиева жетектемей болду.
Ошентип жаңы шайланган 87 депутат мандат алып, ант беришти. Жалпысынан парламентте 90 мандат каралган. 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы №13 шайлоо округу боюнча жокко чыгарылып, ал жакта добуш берүү кайра өткөрүлмөкчү.
Муну менен Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы мыйзам чыгаруу ишин толук кандуу баштады.