www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча профилдик комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлүгүнө шайлоо үчүн сунушталган талапкерлерди жактырды.

БШКнын жаңы курамына талапкерлерди президент жана парламенттеги фракциялар менен депутаттык топтор сунушташкан:

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев төрт талапкерди сунуштады: Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева жана Бодош Мамырова.

«Эл Үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин көрсөттү.

«Ала-Тоо» жана «Ишеним» депутаттык топтору биргелешип Сүйүнбек Касмамбетовдун талапкерлигин сунушташты.

«Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу Лейла Лурованы көрсөттү.

«Элдик» депутаттык тобу Тимур Оторбаевдин талапкерлигин сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү сунушталган бардык талапкерлерди бир добуштан жактырышты.

Алмаз Айбалаевди, Русланбек Жакышовду, Миргүл Темирбаеваны, Бодош Мамырованы, Тынчтык Шайназаровду, Сүйүнбек Касмамбетовду, Лейла Лурованы жана Тимур Оторбаевди БШКнын курамына расмий шайлоо маселеси Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Последние новости