www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп жана анын жолдошу Жаред Кушнер Жер Ортолук деңизинде чоң жеке арал куруу долбоорун баштаганын жарыялашты.
Аянты 1400 гектар болгон бул арал учурда электр энергиясы менен камсыздалган эмес жана анын бардык инфраструктурасы нөлдөн баштап курулат.
Иванка Трамп долбоорду ишке ашыруу үчүн дүйнөдөгү эң белгилүү заманбап архитекторлор менен кызматташуу жүргүзүлөрүн билдирди. Максат — аралда заманбап архитектурага жана инновациялык чечимдерге негизделген уникалдуу турак жай жана эс алуу мейкиндигин түзүү.
Белгилей кетсек, долбоордун баасы жана курулуштун мөөнөттөрү тууралуу кошумча маалымат азырынча ачыкталган жок.