www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков 2023-жылы кыргыз тили боюнча тестте эң жогорку балл алды. Бул тууралуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская «Ыйман Нуру» фракциясынын жыйынында билдирди.

Ал эми Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев билдиргендей, Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен биринчи болуп кыргыз тили боюнча тест тапшырды.

Батма Топоева-Ставинскаянын айтымында, соңку 3 жылда кыргыз тили боюнча тестте жогорку балл алган адамдардын көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду:

- 2021-жылы — 86,8, - 2022-жылы — 91,6 (Абсаматов Улукбек),

- 2023-жылы — 96,8 балл (Нуржигит Кадырбеков).

Көрүнүп тургандай депутат Кадырбековдун баасы соңку 3 жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Кадырбековго тиешелүү сертификат тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости