www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардык муниципалитетте мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исмановдун төрагалыгы алдында административдик-аймактык реформаны пилоттук режиминде борбор шаардын дэңгээлинде ишке ашыруу боюнча биринчи кеңешме өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын административдик-аймактык реформа жүргүзүү жарлыгын аткаруу максатында мэрдин тескемеси менен Бишкек шаарынын администрациялык райондорун ирилештирүү /оптималдаштыруу боюнча административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде жүргүзүү, тийиштүү чечимдерди иштеп чыгуу боюнча комиссия жана жумушчу топтор түзүлгөн.

«Реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарында жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубатуулугун камсыздоо болуп саналат», — деп белгиледи мекеме.

Эске салсак, Кыргызстанда пилоттук режимде алты облуста, Бишкек жана Ошто административдик-аймактык реформа башталды. Анын натыйжасында айыл аймактары жана шаарлар ириленет, ал эми борбор калаанын аймагы дээрлик үч эсеге көбөйөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости