www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагалыгын, дагы бир депутат Гүлсүнкан Жунушалиева Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрагалыгын тапшыруу жөнүндө арыз жазды.
Бул тууралуу парламент төрагасы Марлен Маматалиев 25-февралдагы жыйында билдирди.
Комитет төрагаларынын эмне себептен кызматтан кеткени расмий айтылган жок.
Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет, беш депутаттык топ бар.
Булак: NazarNews