www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы «Саякат» туристтик комплекси менен «Достук» мейманканасында капиталдык оңдоо иштери башталды. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Ден соолукту чыңдоо объекттерин башкаруу дирекциясынын маалыматына ылайык, эки объектти модернизациялоого жалпысынан 30 миллион долларга чейин инвестиция салынат.

«Саякат» комплексин жаңылоого россиялык компания 5 миллион доллар бөлгөн. Ал эми «Достук» мейманканасын реконструкциялоого 15-25 миллион доллар талап кылынат. Долбоор алкагында инженердик тармактар толугу менен алмаштырылып, чатыр, фасад жана ички бөлмөлөр оңдолот. Ошондой эле заманбап, энергия үнөмдөөчү жабдуулар орнотулат.

Маалыматка караганда, имараттар көп жылдар бою комплекстүү оңдоодон өтпөй, техникалык абалы начарлап кеткен. Эски электр зымдары өрт коркунучун жаратса, суу жана канализация системалары коопсуздук талаптарына жооп бербей калган.

«Достук» мейманканасы убактылуу жабылат. Бирок узак мөөнөттүү келишимге ылайык, инвестор бюджетке ижара төлөмдөрүн төлөп турат. Азыркы төлөм жылына 40,8 млн сомду түзөт. 2027-жылдын төртүнчү кварталынан тарта 80,58 млн сомго, ал эми 2029–2049-жылдары жыл сайын 100,9 млн сомго чейин көбөйөт.
Адистердин айтымында, жаңыланган объекттер борбор калаанын архитектуралык көркүн арттырып, Кыргызстандын туристтик рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтөт.

Булак: NazarNews

Последние новости