www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратты

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин өзүн-өзү таркатуу маселелсин карап жактырды. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу демилгесин 32 депутат демилгелеген.

Жыйында демилгечи 32 депутаттын бири, депутат Улан Примов баяндама жасап, «мамлекеттин туруктуулугу жана стабилдүүлүгү үчүн» ушундай кадамга барып жатышканын белгилеген. Ал кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айына, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганын белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 84 депутаттын колдоосу менен ЖКнын таркатуу демилгеси жактырылды. Каршы добуш берген депутат болгон жок.

23-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети парламенттин өзүн-өзү таркатуу тууралуу демилге көтөргөн депутаттык топтун сунушун колдогон.

Парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен быйыл 30-ноябрда өтөрү айтылууда.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт.

 

 

Последние новости