www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызмат өтөө учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлерине жарандар кайрылып, айланма жолдун ГЭС-5ке бурулуш тилкесинде скутер айдоочусу жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алганын билдиришти.

Маалыматка ылайык, скутер айдоочусу башкарууну жоготуп жыгылып, оң бутунун шыйрак сөөгүнөн ачык сынык алган.

Күбөлөр жабыркаган жаранды өз күчү менен ооруканага жеткирүүгө аракет кылышкан, бирок жол тыгынына байланыштуу ЖКККББ кызматкерлеринен жардам сурашкан.

ЖКККББ кызматкерлери ыкчам чара көрүп, жабыркаган жаранды патрулдук кызматтык автоунаага отургузуп, медициналык мекемеге тез арада жеткиришип, ага зарыл жардам көрсөтүлүшүнө шарт түзүштү.

Учурда жабырлануучуга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы маалымдалды.

ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты туура тандоого жана жолдо өзгөчө этият болууга чакырат.

Последние новости