www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун аймагында нөшөрлөп жааган жаан-чачынга жана кар түшүүсүнө байланыштуу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Облустук Жарандык коргонуу кызматтарына күч жана каражаттарды даярдыкка келтирүү, ошондой эле ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Ат-Башы районунун Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрүндө болжол менен 15–20 сантиметр калыңдыкта кар жааган. Буга байланыштуу 5-июнь күнү саат 07:00дө Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, аталган аймактардагы малчыларды кошумча тоют менен камсыздоо маселеси каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Учурда жеринде кырдаалды тактоо, жолдордун абалын баалоо жана зарыл учурда кардан тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жол тейлөө мекемелеринин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылды.
Ошондой эле Нарын районундагы Соң-Көл жайлоосунда болжол менен 7 сантиметр кар жааганы катталды. Учурда кырдаал туруктуу, малчылар үчүн кошумча тоют жеткирүүгө муктаждык жок экени маалымдалды.
Облуста түзүлгөн абалга байланыштуу Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кырдаал тыкыр көзөмөлгө алынып, калктын жана чарба субъекттеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Кошумча маалыматтар түшкөн сайын ыкчам түрдө коомчулукка жарыяланып турат.