www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо жыйынтыкталды. БШКнын сайтында алдын ала маалыматтар жарыяланды.

Учурда автоматтык эсептөө кутуларынын 100%ы эсептелип, алдын ала маалымат боюнча, шайлоону 6 миң 242 добуш менен Дамира Ниязалиева жеңүүдө. Экинчи орунда 2 миң 70 добуш менен Улан Сариев жана үчүнчү орунда 1 миң 317 добуш менен Эртай Искаков турат.

Эми автоматтык эсептөө кутуларынан келген маалыматтар кол менен эсептелип, андан кийин расмий жыйынтык айтылат.

Ленин району боюнча жалпы 124 миң 908 шайлоочу болгон. Алардын ичинен 17 миң 423 (13,95%) адам шайлоого катышты.

Последние новости