www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8чи чакырылышынын депутаты Кундузбек Сулайманов Энергетиктер күнү менен куттуктады.
Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери, кадырлуу ардагерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Энергетика - заманбап коомдун жана улуттук экономиканын негизги тиреги болуп саналат. Өнөр жай, айыл чарба, илим-билим жана санариптик технология тармактары үзгүлтүксүз иштеши дал ушул энергетика тармагынын туруктуулугуна түздөн-түз байланыштуу.
Адам көзүнө көрүнбөгөн, бирок учурда аба менен суудай зарыл болгон электр энергиясын калкка жеткирүү - өзгөчө жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана кайраттуулукту талап кылган татаал жумуш. Энергетика кызматкерлери күн-түн дебей, майрам-дем алышка карабастан өлкөбүздү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдетин аркалап келишет.
Акыркы жылдары бул тармакта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү жана тармакты модернизациялоо багытында олуттуу жана системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул аракеттердин ишке ашуусунда энергетиктердин салымы өзгөчө мааниге ээ.
Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө, элдин жыргалчылыгына жана мамлекеттик коопсуздукту камсыздоого түздөн-түз кызмат кылып келет. Мындан ары да алдыга коюлган милдеттерди жогорку жоопкерчилик жана жаратмандык менен ийгиликтүү аткарарыңыздарга ишеним артабыз.
Бул майрамдык күнү сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, өндүрүштүк коопсуздук жана ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм. Алдыдагы кышкы мезгилди сыноосуз жана туруктуу энергия менен камсыз кылуу менен ийгиликтүү өтүүңүздөргө тилектешмин.
Майрамыңыздар менен!