www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профилактикалык рейддин жүрүшүндө Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери мас абалында унаа башкарууга шектелип «Toyota» үлгүсүндөгү автомашинаны токтотушкан. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочу менен сүйлөшүү учурунда андан спирт ичимдигинин жыты чыккан. Белгиленген тартипте айдоочу наркологиялык мекемеге жеткирилип, медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында алкоголь ичимдигин колдонгону тастыкталган.

Аталган факты боюнча айдоочуга карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, автомашина атайын айып короосуна токтотулду.

МККБ жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. Мас абалында унаа башкаруу — бул адам өмүрүнө түз коркунуч. Мыйзам баарына бирдей жана мыйзам бузууларга жол берилбейт.

Последние новости