www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келиши "шоуго" айланып, ар түрдүү аңыз кепке айланды. Бир чети анын тарапташтары кубанычка бөлөнүп турса, тилекке каршы айрым аткаминерлердин тишин кычыратты. Өмүрбек бабановдун келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн катарында ЖК депутаты Кенжебек Бокоев дагы бар. 

Ал, Бабановдун Таласта митинг өткөргөнгө руксаат бербей койду, деп жакасын кармап, эки жака түкүргөн.

Төмөндө депутаттын шилтемеси толугу менен:

"Бул эмне деген шумдук! Ушул күнгө чейин Таласта кандай гана митингдер өткөн эмес обладминистрация алдында! Биринчи жолу ушундай бут тосуу болуп жатат! Мыйзам боюнча биз билдирүү гана беришибиз керек! Биз билебиз Өмүрбек Бабановго эски бийлик иш козгогонун, бирок аны тосуп алууда бул бийлик да эскилердин тактикасына өттүбү? АРИСтин 7 мотоциклин керек болсо 2 саатта берип коюшат, ал эми биздин иш чара жумуш күнү эмес учурда өтүп жатат! Бул бийлик эл менен эсептешеби же өзүм билемдике салып эскилердин жолу менен кетеби?! Бул жол туура эмес!,-деп үнүнүн баарыдыгынча кыйкырып жазган депутат Бокоев. 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости