www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 31-октябрда жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу максатында акысыз текшерүү өткөрүлөт. Текшерүүнү Улуттук кардиология жана терапия борбору уюштурат, деп билдирди борбордун дарыгери Дастан Кубатов «Биринчи радионун» эфиринде.

Анын айтымында, текшерүү саат 10:00дөн 16:00гө чейин өтөт. Каалоочулар кан басымын ченетип, кандагы кант жана холестериндин деңгээлин текшерте алат. Бул үчүн жыйынтыгы 5 мүнөттүн ичинде даяр болгон экспресс-тесттер колдонулат.

Текшерүүдөн кийин адистер катышуучулардын көрсөткүчтөрүн баалашат. Жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу тобокелдиги жогору адамдар андан аркы текшерүү үчүн медициналык мекемелерге жөнөтүлөт.

Последние новости