www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Д.Кемелованын Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин Президенти Ли Мин-Гёнг айым менен болгон жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган элчиликтен билдирди. 

2019 жылдын 11 апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Динара Кемелованын Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Президенти Ли Мин-Гёнг айым менен жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда эки тарап долбоорлордун ишке ашуусун жана жакын арада аркарыла турган пландарды талкуулашты. 

Элчи Д.Кемелова Корея Республикасынын Ɵкмɵтʏнɵ жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигине Кыргызстандын айыл чарба, региондорду жана электрондук ɵкмɵттʏ ɵнʏктʏрʏʏ, шайлоо процесстерин жакшыртуу тармактарына жардам кɵрсɵтʏп жаткандыгы ʏчʏн ыраазычылык билдирди.

Ошол эле учурда темир жана автоунаа жолдорун коруу, энергетика, саламаттыкты сактоо, IT технология жана башка кɵптɵгɵн тармактарда кыргыз адистерин даярдоо жаатында кɵмɵктɵрдʏн кɵлɵмʏн кɵбɵйтʏʏ абдан манилʏʏ экенин белгиледи. Мындан тышкары, мамлекеттин аймактарды ɵнʏктʏрʏʏ жана санариптештирʏʏ концепциясынын негизинде Корея Республикасынын технологияларын колдонуп мындан кийинки долбоорлорду жылдыруунун мʏмкʏнчʏлʏгʏн карап көрүүнʏ сунуш кылды. Ошондой эле саламаттыкты сактоо жана ɵрттɵн куткаруу кызматынын дараметин кʏчɵтʏʏ маселелерине кɵңʏл бурулса деген сунушун билдирди. 

Ɵз кезегинде Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин Президенти Кыргызстандагы демократиянын жетишкендиктерин жогору баалап, алар аталган Агенттиктин ишмерлиги менен максатташ экенин белгиледи. Ошондой эле KOICAнын эсебинин негизинде Кыргызстан саякат боюнча он мамлекеттин катарына киргенин айтты. 

Ли Мин-Гёнг айым биргелешкен долбоорлор жɵнʏндɵ жогорудагы аталган тармактардагы адистерди даярдоо боюнча макулдагун билдирди. Ошондой эле Агенттиктин 2019 жылга бекитилген пландарынын негизинде IT-технология, банк, тоо-кен, транспорт, укук коргоо жана башка багыттарында окуу курстары ɵтɵɵрʏн белгиледи.

Жолугушуунун негизинде Корея эл аралык кызматташтык агенттиги тараптан даярдалып жана аткарылып жаткан долбоорлор боюнча биргелешип иш алып баруу макулдашылды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости