www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында оңдоо иштеринен кийин Жибек Жолу проспектисинин Буденный көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдун түндүк тарабынан транспорт кыймылы үчүн ачылды.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, проспекттин Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки түндүк тарабы жабык бойдон калууда.
Учурда оңдоо иштери аяктагандан кийин Жибек Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдун түштүк тарабынан транспорт кыймылы үчүн ачык.
Мэриядан билдиришкендей, бардык калыбына келтирүү иштери белгиленген графиктерден эрте жүргүзүлүүдө. Тилкени толугу менен бүтүрүү ушул жылдын июль айына пландалган.