www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Айбек Уланов Ош облусунун Кара-Кулжа районунда күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн маркум аялга карата жазган сөздөрүнөн кийин милицияга жеткирилди.

Блогер Уланов маркум аялдын жасалма интеллект менен тартылган сүрөтү менен «Эгерде сиздин аялыңыз 20 жылдыгында классташы менен жатып алганын билсеңиз, кандай реакция кылат элеңиз?», - деген пост жарыялаган. Анын жарыясын социалдык тармактардын колдонуучулары сынга алып, аны жоопко тартууну талап кылышкан. Уланов постун өчүрүп, бир нече сааттан кийин кечирим сураган видеосун жарыялаган. Бирок коомчулук анын жоопко тартылуусун талап кылышкан.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы Улановдун билдирүүлөрүндө «күйөөсүнүн колунан каза болгон аялдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген» сөздөр бар экенин белгилеп, бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү баштаган.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына 1994-жылы туулган Айбек Улановду жеткиришти. Милицияда ал дагы бир жолу кечирим сурады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Улановдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

 


 

Последние новости