www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жети-Өгүз районунда жаңы административдик сот имаратынын курулушу башталды.
Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-августта жаңы имараттын курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү.
Ага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директорунун орун басары — Кыргызстандын башкы сот приставы Канатбек Осмонов, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Нурпаис Бекташов, судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Медербек Сатыев өлкөдө сот тутумунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Жаңы имаратта судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери үчүн зарыл шарттар түзүлүп, сотко кайрылган жарандарга да ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр каралат.
Жогорку соттун төрагасынын айтымында, заманбап сот инфраструктурасы сот адилеттигин натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.
Жаңы имараттын курулушу район тургундары үчүн сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган.