www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө курулуш объекттерине пландан тышкаркы рейд жүргүзүлүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүү иштеринин алкагында Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын Манас көчөсү, 92 дарегинде жайгашкан кафенин курулушу уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлүп, курулуп жаткан объекттердин реестрине катталбагандыгы маалым болду.

Бул өз кезегинде "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тарап М.В.И.ге карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Последние новости