www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы шайланган курамынын биринчи жыйналышы өтүп, Тынчтык Шайназаров сегиз добуш менен кайрадан Боршайкомдун төрагасы болуп шайланды.
Русланбек Жакышов жана Лейла Лурова төраганын орун басарлагына шайланды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамынын мүчөлүгүнө талапкерлерди жактырган. Президент Садыр Жапаров Боршайкомдун мүчөлүгүнө Алмаз Айбалаевди, Русланбек Жакышевди, Бөдөш Мамырованы жана Миргүл Темирбаеваны көрсөткөн. Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаровдун, Сүйүнбек Касмамбетовдун, Лейла Лурованын жана Тимур Оторбаевдин талапкерлигин жылдырган.
Алардын ичинен беш адам Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, үчөө парламенттин аппаратынын мурдагы кызматкерлери.
Садыр Жапаров май айында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана алардын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.
Боршайкомдун 12 адамдан турган мурдагы курамы 2021-жылы июнда шайланган. Кыргызстанда 2027-жылдын январь айында президенттик шайлоо өтөт.