www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-май күнү Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 14:15те өлкөнүн түштүк аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым, ал эми Казарман айылынан 27 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Мындан улам Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, жер титирөө катталган аймактардагы бир катар социалдык объектилердин техникалык абалына ыкчам текшерүү иштери уюштурулду.

Текшерүү иштери Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жетекчилиги алдында министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында жер титирөөнүн күчү (4,6 балл) жогору сезилген Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Булак, Ничке, Чогорчу, Бирлик жана Көл айылдарында жайгашкан социалдык объектилердин конструкциялык абалы текшерилип, имараттардын дубалдары жана башка негизги элементтерине визуалдык-техникалык кароо жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында объектилерде кооптуу жагдайлар, деформациялар жана конструкциялык өзгөрүүлөр аныкталган жок. 

Курулуш министрлиги жарандарды тынчсызданбоого чакырат. Эл аралык тажрыйбага ылайык, сейсмикалык текшерүүлөр негизинен 6 баллдан жогору жер титирөө катталган аймактарда жүргүзүлөт. Ал эми 4-5 баллдык жер титирөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан имараттар визуалдык кароодон гана өтөт. Бүгүнкү текшерүү министрликтин демилгеси менен эпицентрге жакын аймактардагы социалдык объектилердин техникалык абалын кошумча баалоо максатында уюштурулду.

Курулуш министрлиги социалдык объектилердин сейсмикалык туруктуулугу жана техникалык коопсуздугу туруктуу көзөмөлдө экендигин билдирет.

Последние новости