www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунда сот имаратынан качкан айыпталуучу кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 29-майында саат 14:50 чамасында, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнө, Өзгөн райондук сот имаратынан айыпталуучу качып кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн.
Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси менен айыпталган 1992-жылы туулган М.М. аттуу жаранды Өзгөн райондук сотуна алып барышкан. Болжол менен саат 14:20 чамасында айыпталуучу ажатканага кирип, ал жерден качып кеткени маалым болгон.
Дароо, Ош облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан 130 дан ашуун кызматкерлер айгай белгиси менен көтөрүлүп, “Сирена” планы киргизилген. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жана «Коопсуз өлкө» камераларынын жардамы менен айыпталуучу кармалды.
Учурда териштирүү жүргүзүүдө.