www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын 3-апрель күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгында 25-26-март күндөрү Баткен облусунда «SAFEWORLD» эл аралык уюмунун жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун уюштуруусунда болуп өткөн «ЗАМАНБАП» аталышындагы фестивалга Ош облусунун атынан барып катышкан таланттуу окуучуларды, аларды окутуп, даярдаган  мугалимдерди  баалуу белектер менен сыйлоо аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты-жаш өсүпүрүмдөрдү коомдук иш-чараларга активдүү катышууга үндөө, жаштардын бүгүнкү күнүнө жана келечегине улуу муундан үмүт арттырып, өлкө келечеги үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасоого багыт берүү болуп саналат.  
Башкармалыктын начальниги милициянын полковниги Жеңиш Джоробеков  аталган фестивалда өз  өнөрлөрүн тартуулоо менен көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкышка арзыган  окуучуларды жетишкендиктери менен куттуктады. 

«Мугалим бул-кесиптердин сереси
Мугалим бул-кесиптердин төрөсү
Мугалимдер сыйкырдуу бир дарактай
Жайдыр-кыштыр бышып турган мөмөсү»-деген керемет ыр саптарында баяндалгандай, урматтуу мугалимдер жаштарга билим берүүдөгү, туура жол көрсөтүүдөгү жооптуу жана түйшүктүү кызматыңыздарда сиздер жалгыз эмессиздер. «Беш манжа бөлөк, билек бир, баарыбыз башка тилек бир»-дегендей  мугалимдер, укук коргоо органдары жана коомчулук жаштарга татыктуу билим, тарбия жана туура багыт берүү аркылуу мамлекетке ак ниет менен кызмат кылган, элдин керегине жараган, келечекке жоопкерчиликтүү көз караш менен караган мекенчил жаштарды тарбиялоо-жалпыбыздын милдетибиз»-деп облустук милициянын башчысы мугалимдердин эмгегин жогоруу баалоо менен куттуктоо сөзүн жыйынтыктады.

Өз кезегинде сыйлык ээси болгон Ноокат районундагы М.Нурматов атындагы орто мектебинин мугалими Гүлшаир Абилова, жаштарды коомдук иш-чараларга  тартуу өтө зарыл экендигин, иштерге катышуу менен жаштар терс адаттардан оолак болуп, өмүр жолунда туура жолун тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтып өттү. Ал эми, Кара-Суу районундагы №101-К.Момбекова атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Айсезим Рахманалиева, акыркы убактарда жаштарды туура жолго багыттоодо уюштурулуп жаткан иш-чараларга активдүү катышуу менен,  милициянын аткарып жаткан жумуштарын баалаганын, алардын аракетиндеги чыныгы камкордукту сезип жатканын, сый-урматка бөлөнгөн жылуу сезимдер пайда болгонун баса белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости