www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-июлда Бээжинде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер мекемелеринин башчылары менен болгон жамааттык жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Жолугушууда Си Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун стратегиялык маанисин белгилеп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактагы тынчтык, стабилдүүлүк жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Кытайдын биргелешкен демилгелерди илгерилетүү ниети бар экенин билдирди.
Кытайдын төрагасы ошондой эле 2024–2025-жылдары ШКУдагы кытай төрагалыгынын артыкчылыктарына жана жыйынтыктарына өзгөчө көңүл буруп, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө координацияны тереңдетүү маселесин өзгөчө белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган жамааттык жыйын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Ага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери катышты.