www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24-февралында Женева шаарында өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Конго Демократиялык Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Тереза Вагнердин жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, саясий диалогду чыңдоого, ошондой эле экономикалык, соода жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Министр Ж.Кулубаев кесиптешин Кыргыз Республикасына сапар менен келип кетүүгө чакырды, ошондой эле Конго Демократиялык Республикасын 2027-жылы өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине эң жогорку деңгээлде катышууга жана 2026-жылы өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спорттук делегация жөнөтүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Конго Демократиялык Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары актуалдаштыруу жана чыңдоо багытында биргелешип иш алып барууга ниеттенишкенин ырасташты.

Последние новости