www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган социалдык тармактын төрт колдонуучусуна эскертүү берди. Бул тууралуу комиссия 19-октябрда маалымдады.

БШКнын жумушчу тобунун жыйынында үгүт жүргүзүүгө уруксат берилген мөөнөт баштала электе талапкерлерди колдоого же аларга каршы багытталган билдирүүлөрдү жарыялоо фактылары каралды.

Атап айтканда, социалдык тармактарда белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, үгүт материалдарын таратуу жана шайлоочулардын тандоосуна таасир этүүчү сурамжылоолорду уюштуруу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында Залкарбек Кудайбердиевге, Бахтияр Кыдыралиевге, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовго эскертүү берилди.

Алар жумушчу топтун сын-пикирлерин эске алып, социалдык тармактардагы тиешелүү билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана мындай аракеттерди кайталабоого макул болушкан.

БШК жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырды.

Последние новости