www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу жана котормочу Шаршеналы Абдылдаев көз жумду

22-июнда 88 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, көрүнүктүү жазуучу жана котормочу Шаршеналы Абдылдаев узакка созулган оорудан соң акка моюн сунду.

Шаршеналы Абдылдаев 1937-жылы 12-майда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген.

1956-1961-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүндө билим алып, чыгармачылык жана кесиптик жолун Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде редакторлуктан баштаган.

Андан соң, “Кыргызстан” басмасында, СССР Мамлекеттик басма комитетинин Кыргыз бөлүмүндө, “Ала-Тоо” адабий журналынын редакциясында, Жазуучулар союзунун Кыргызстандагы адабият фондунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин редакциялык-басма бөлүмүндө узак жылдар бою үзүрлүү эмгектенген.

Шаршеналы Абдылдаевдин чыгармачылык дүйнөсү кеңири жана көп кырдуу болгон анын калемине таандык повесттер, очерктер жана котормолор кыргыз адабиятын жаңы темалар менен байытып, улуттук адабиятты дүйнөлүк көркөм дөөлөттөр менен жакындаткан.

Шаршеналы Абдылдаев Жазуучулар, Журналисттер жана Кинематографисстер союзунун мүчөсү болгон.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-июнь күнү, саат 10:00дө Москва көчөсүндөгү №209 үйдө өткөрүлөт.

Последние новости