www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жаңы Ош базарынын курулушун аяктоого 8 миллиард 745 миллион сом бөлүү пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, каражатты мамлекеттик банктардын бири берет. Ал эми кредит боюнча кепилдикти республикалык бюджет өзүнө алат. Бул тууралуу депутат социалдык тармактарда жазды.
Ал белгилегендей, тиешелүү чечимдерди парламент карайт. Каржылоо президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыял» ишканасына багытталат.
Дастан Бекешев келечекте президенттин иш башкармалыгы көптөгөн ишканаларды өзүнө топтошу мүмкүн экенин божомолдоду.
«Жакында президенттин иш башкармалыгы дээрлик бардык ишканаларга ээ болуп калышы мүмкүн. Бул буга чейин эле “экинчи министрлер кабинети же көмүскө өкмөт” сыяктуу көрүнүп жатат», — деди ал.
Ошондой эле депутат каражатты кайтаруу механизминин кандай болорун түшүндүрдү.
«Ош базары толук бүткөндөн кийин, ал ижарага берилет. Ижарадан түшкөн каражат аркылуу бул кредит төлөнөт», — деп белгиледи ал.
Дастан Бекешев баса белгилегендей, каражатты банк бергени менен, акыркы жоопкерчилик мамлекетке жүктөлөт, анткени кепилдикти республикалык бюджет берет.