www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мас болуп автоунаа айдагандарды эми тосмо арыз да сактай албайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ЖКККББнын бөлүм башчысы Нурлан Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, жаңы мыйзамда айдоочу ичип алгандыктан адам жаракат алып же каза болуп калса эч кандай жеңилдик, пробация каралган эмес. Тосмо арыз да жардам бере албайт.

Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу жараяны жаза мөөнөтү өтөлгөндөн кийин колдонулат. Тагыраагы, 10 жыл камакта отурса, эркиндикке чыккандан кийин күбөлүктүн мөөнөтү башталат.

Төмөнкүдөй жаза каралган:

- мас болуп автоунаа айдап кармалгандарга 80 миң сом айып салынып, эки жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;

- айдоочулук укугунан ажыратылгандар күбөлүксүз автокөлүк айдап кармалса 100 миңден 150 миң сомго

- чейин айып салынат же бир жылга чейин эркиндигинен ажыратылат;

- наркология бөлүмүнө барбайм же текшерүүдөн өтпөйм деп ызы-чуу салгандар 100 миң сомдук айыпка жыгылат же үч жылга чейин айдоочулук укугунан ажырайт;

- мас болуп рулгу отуруп жол кырсыгына кабылса 100 миң сом айып салынып, үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;

-ден соолукка залал келтирсе Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылат.

Тагыраагы, ден соолукка оор залал келтирсе үч жылдан алты жылга чейин айдоочулук укуктан ажырайт.

Мындан тышкары, 100 миңден 150 миң сомго чейин айыпка жыгылып же 5 жылга чейин кесилет;

-эгерде өзгөчө оор залал келтирсе 6-9 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат жана 5-8 жылга соттолот;

- мас айдоочунун айынан киши каза тапса 9-12 жылга айдоочулук укугунан ажырайт жана 8-10 жылга камалат.

Последние новости