www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 10-июндагы жыйынында депутат Райымберди Дүйшөнбиев көп балалуу энелердин «Баатыр эне» наамын алууда бюрократиялык тоскоолдуктарга кабылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда бул наамды алуу үчүн 11 түрдүү документ топтоо талап кылынат. Мындай талаптар көп балалуу энелер үчүн кошумча түйшүк жаратып, айрымдары мыйзам боюнча татыктуу болгон мамлекеттик сыйлыкты ала албай калып жатышат.

«Ар кандай себептерден улам жарандар бардык керектүү документтерди чогулта албай, мыйзамдуу түрдө тиешелүү болгон наамдарды ала албай калышууда», — деди депутат.

Ал талап кылынган документтердин санын кыскартууну жана мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды санариптик негизде алмашуу системасын жолго коюуну сунуштады.

Депутаттын пикиринде, бул чаралар көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тартибин жеңилдетет.

Последние новости