www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Испаниядан тартылган жаңы сүрөтү тарады.
Сүрөт Барселона шаарында тартылган. Ал жакка анын кызы Алия Шагиева жакында атасы менен жолугушуу үчүн барган.
«Бул жылдардын ичинде анын ден соолугу олуттуу жабыркады, бирок анын кадыр-баркы, мүнөзү жана адамдардын көзүнө түз карай билген сапаты сынган жок», — деп жазды ал атасы тууралуу.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 2023-жылдын февраль айында түрмөдөн бошотулуп, андан кийин дарылануу үчүн Испанияга кеткен. Ал ошол жакта азыркыга чейин жашап келет. Бирок 2025-жылдын июль айында ал Кой-Таш иши боюнча күнөөлүү деп табылып, сыртынан 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле анын мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу чечими чыгарылган.