www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жаңы жогорку лидери Моджтаба Хаменеи каза болушу мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, өлкөдө буга чейин эле бийлик алмашуусу болгон. Бул тууралуу ал Financial Times басылмасына берген маегинде билдирген.
Маалыматка ылайык, Америка-Израилдин аба күчтөрүнүн истребителдери Ирандагы курал иштеп чыгуу жана өндүрүү объекттерине 120дан ашуун бомба таштаган. Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) билдиргендей, акыркы сутка ичинде 150дөн ашуун истребитель Тегерандагы мындай объекттерге сокку урган.
Кызыл Жарым Ай уюмунун маалыматына караганда, жаңжал башталгандан бери Иранда 21 миң адам жабыркаган. Уюмдун билдирүүсүндө АКШ менен Израилдин соккуларынын натыйжасында 244 аял жана 214 бала каза болгону айтылат.
Жабыркагандардын арасында 1,7 миңге жакын жашы жете электер бар экени белгиленген. Ошондой эле уюмдун маалыматына ылайык, 102 миң жарандык объект соккуга кабылган.