www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 1–2-апрель күндөрү Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын тыгыздыгын текшерүү максатында  регламенттелген сыноолор өткөрүлөрүн маалымдайт.

Сыноолор төмөнкү тилкелерде жүргүзүлөт:
Шаардын борбордук бөлүгүндө:
•Л. Толстой көчөсүнүн түндүк тарабында — ЖЭБден 7-Апрель көчөсүнө чейин («Мадина» базарынын аймагы);
•Темир жолдун жээгинде — ЖЭБден Ибраимов көчөсүнө чейин;
•Шабдан Баатыр проспекти — Лермонтов көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин;
•Чүй проспекти — 7-Апрель көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
•Ибраимов көчөсү — Чүй проспектинен темир жолго чейин;
•Достоевский көчөсү — Шабдан Баатыр проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
•Фрунзе көчөсү — Достоевский көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейин;
•Токтогул көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин.

Шаардын түштүк бөлүгү:
•Жукеев-Пудовкин көчөсү — темир жолдон Ахунбаев көчөсүнө чейин;
•7-Апрель көчөсү — Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
•Ахунбаев көчөсү (1-бөлүк) — 7-Апрель көчөсүнөн Аламедин дарыясына чейин;
•Ахунбаев көчөсү (2-бөлүк) — Матросов көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин.

Жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн тармактардын бекемдигин текшерүү зарыл.

Сыноолорду жүргүзүү учурунда түтүктөрдүн жарылышы, жол катмарынын чөгүп кетиши жана жакын аймактарды суу каптоо сыяктуу кырдаалдар болушу мүмкүн.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде түтүктөрдүн жарылуусу же жолдо кандайдыр бир бузулуулар байкалса, дароо «Бишкек жылуулук тармагы»  МИнин диспетчердик кызматына билдирүүнү суранабыз: Байланыш телефондор: 56-85-58; Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: 61-11-69, 1980, 0557 611-166, 0777 611-166, 0701 611-166.

 

Последние новости