www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми 16 жашка чейинки балдарга паспортту бир ата-эненин арызы менен алууга уруксат берилет. Буга чейин паспорт алуу үчүн эки ата-эненин тең макулдугу талап кылынып келген.

Ошол эле учурда мыйзамда баланы чет өлкөгө алып чыгуу тартиби өзгөргөн жок. Бул үчүн мурдагыдай эле эки ата-эненин макулдугу керек.

Белгилей кетсек, жаңы норма чет өлкөдө жүргөн жашы жете элек кыргызстандыктарга тиешелүү эмес. Алар паспорт алуу үчүн эки ата-эненин макулдугун берүүгө милдеттүү.

Последние новости