www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексинин натыйжасында, жасалма акча белгилерин даярдоо жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Аталган топтун мүчөлөрү бир нече мамлекеттердин аймагында иш жүргүзүп, жогорку сапаттагы жасалма банкнотторду даярдап, андан соң аларды кеңири тармакталган сатуу түйүнү аркылуу таратып келишкени аныкталды.
Жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө контролдук сатып алуу маалында Өзбекстан Республикасынын жараны Ю.М.Ю. жана КР жараны Т.у.А. кармалып, алардын жанынан чет элдик валютадагы ири көлөмдөгү жасалма акча каражаттары, ошондой эле башка буюм далилдери алынган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункттары боюнча кылмыш иши козголду, кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын жана жайылтуу каналдарын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.
КР УКМК жарандарга акча операцияларын жүргүзүүдө этият болуунун зарылдыгын эскертет жана шектүү акча белгилери табылган учурлар тууралуу дароо билдирүүнү суранат.
Жогоруда аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо КР УКМКнын: 0312 56-90-10 ишеним телефонуна кайрылуусун суранабыз.